Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ачууланып, кабак-кашын чытып, кыжырланып көргүсү келбегендей, жактырбагандай түр көрсөтүү. Ал бир жан менен сүйлөшкөн жок. Көңүлдөш жолдоштору келсе да, аларга жүзүн үйрүп, тетири карап жатып алды (Укаев). Эмитен сесин алып коёюн дедиби, Көкө жүзүн үйрүп, кыр көрсөтө минтип матады (Касымбеков). Эрли-зайып экөө тең сустайып, а түгүл жүзүн үйрүп коюшту (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ачууланып, кабак-кашын чытып, кыжырланып көргүсү келбегендей, жактырбагандай түр көрсөтүү. Ал бир жан менен сүйлөшкөн жок. Көңүлдөш жолдоштору келсе да, аларга жүзүн үйрүп, тетири карап жатып алды (Укаев). Эмитен сесин алып коёюн дедиби, Көкө жүзүн үйрүп, кыр көрсөтө минтип матады (Касымбеков). Эрли-зайып экөө тең сустайып, а түгүл жүзүн үйрүп коюшту (Өмүрбаев). В.: Түсүн үйрүү. Түсүн үйрүп бүркөлөт, Байназарды көргөндө (фольк.).